Аңчылык мезгили 2020-2021 жыл Кыргыз Республикасында

Кыргыз Республикасы тууралуу 

Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын түндүк-чыгышында  жайгашкан.  Кыргыз Республикасынын аймагы батыштан чыгышты көздөй 900 чакырымга, түндүктөн түштүктү көздөй 410 чакырымга  созулат, болжол менен  39 жана 43 градус түндүк кеңдикте жайгашкан.   

Аянты 199,9 миң  кв. км. Аймактын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги   2750 м., эң бийик жер  7439 м. (Жеңиш чокусу), эң төмөн бийиктик 394 м (республиканын түштүк-батышында).

Кыргыз Республикасынын калкы көп улуттуу, 90 ашык улуттар жана эл жашайт. Негизги калк  - кыргыздар (69%). Республикада жалпы калктын саны   6,5 млн. ашык адамды түзөт. 

Кыргыз Республикасы – тоолуу өлкө  (94% - тоолор, 6% - түздүктөр). Республиканын эң бийик көтөрүлгөн бөлүгү – анын чыгыш чет жагы. Бул черде Кытай менен чек арада бардык Тянь-Шань тоо системасынын эң бийик чекиттери жайгашкан – Жеңиш чокусу   (7439м) жана  Хан-Теңири (6995м).

4500-7000 м бийиктикке жеткен, эң бийик жана калың кыркалар Тянь-Шандын чет жакаларында жайгашкан.  Бул  Какшаал- Too түштүк-чыгышта, Алай  жана Түркестан­  түштү-батышта. Талас  жана Кыргыз кыркалары түндүк-батышта жана түндүктө.    Күңгөй   Ала - Too түндүк-батышта жана түндүктө. Тажикстан менен чек арада бийик Чоң Алай кырка тоосу  айырмаланып турат, бул жерде Кыргызстандын бийиктиги боюнча экинчи орунду ээлеген Ленин чокусу (7134м ) жайгашкан.